Чоң-Алай районунун Тажикстан менен болгон чек арага тартылган эки тараптын кошумча күчтөрүн жана мүлкүн алып кетүү аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптардын кошумча жайгаштырылган жерлериндеги кошумча күчтөрүн жана мүлктөрүн алып кетүү аяктады", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда аталган аймакта аскер кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда.
Буга чейин эки өлкөнүн УКМК башчылары чек ара тууралуу протокол кабыл алышканы белгилүү болгон.