Биз социалдык тармакта

"Чек арадан 3 чакырым артка кайтуу". Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы кандай протокол кабыл алганы белгилүү болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимовдун чек ара боюнча кабыл алган протоколу белгилүү болду. Протокол министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Тажикстан менен болгон чек ара боюнча кабыл алынган протокол:

1. Эки тарап тең чек ара постторун 3 чакырымга чейин артка кайтарып кетүү;

2. Аскерлерди, аскердик техникаларды туруктуу жайгашкан жерине кайтаруу жана штаттык чек ара нарядын гана калтыруу;

3. Жайытты колдонуу боюнча чечим кабыл алынды;

4. Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер тараптардын тең төрагалары менен алдын ала макулдашып жасалууга тийиш;

5. Тараптардын чек ара наряды жүрүм-турум эрежелерин сактоо;

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;

7. Топографиялык жумушчу топтун жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасынын №12\2 тилкесинен №12\9 тилкесине чейин тактоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасы берилди;

8. Чек аралаш жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

9. Тараптар ушул протоколдун ар бир пунктун так сактоого тийиш.

Кечээ, 5-июнда Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы менен сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Medina87
2021-06-06 09:31:11
Кече 2 сааттан кийин бардыгы белгилуцу болот дегени ушул еккен го
-12
Tyty1990
2021-06-06 09:35:43
Фигня
-8
jaz99
2021-06-06 09:40:39
Кыргыз калкы жоош экенбиз тажик озбек казак орус кошуналарывыз митааам калк биз оозувузду ачып калып кетебиз
+5
Jaraisyn
2021-06-06 11:12:09
jaz99, кошуналардын дээрлик үчөө кыйла кубаттуу, экономикалык жактан бакубат, куралдуу күчтөрү рейтингде бизден кыйла жогору турат. Биз азыркы учурда алар менен теңата сүйлөшө албайбыз. Ачык ойлонуш керек. Биз алар менен керек болсо согушабыз жерибиз үчүн десек кыйла жапа чегебиз. Түшүнүш керек. Сабыр кылалы. Согуш башталып кетсин эле, биз өзүбүз өлкө ичинде 15 ке бөлүнүп алабыз. Кара нирттер эле өз пайдасына иштеп алат. Өлкө менен эч бир чиоовниктин иши жок
+3
make2
2021-06-06 13:10:47
Jaraisyn, Башчылары, чиновниктери да мыкты
+1
akskg
2021-06-06 10:04:00
Super.kg, Орнотулган контейнер эмне болуптур, ошол тууралуу маалымат болсо, чыгарып койсоңуздар.
+8
Zumrudianka
2021-06-06 10:59:48
Кабыл алынган чечимдер Кыргыз олкосуно жемиштуу болсун Аллахтан болуп. А мурунку бийлик ар бир кылган иши, чечими тууралуу элге кабар берген эмес, оздору бутуруп эл нааразыбы жокбу элдин оюн уруп да ойногон эмес. Эми мынтип инф берип турсада жакпайт кээбирине.
+3
Urmat78
2021-06-06 11:09:45
3 километр аркага жылдырабыз дегени ошончо жерди бердик дегенге окшошуп кетет экен.Лолу тажиктер 3 километр жылбай калдыго алар созуно турбайт
-3
Baiaman997
2021-06-06 12:32:54
Urmat78,сенда лолулорго окшоп оозуна келгенди жазабербечи
-1
kaisarbek
2021-06-06 19:53:50
Baiaman997,мына ушул жерде да бири бирибизди тушунбой жатабыз эх кыргыз элим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан