Биз социалдык тармакта

Жумушка мас болуп келген сотту иштен алуу сунушталды

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековду судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизишти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров облустук соттун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөткөн.

Мамлекет башчы Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып, бул судьяга тез арада чара көрүүнү сунуштаган. Ал эми төрайым бул иш боюнча чара көрүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-06-07 17:28:43
Жумуштан алып эле тим болбой, сот жообуна тартуу керек.
+9
Alfiya
2021-06-07 18:23:28
Сунуш кылып отурбай эле сразу иштен алгыла да
+8
Taalaibek.
2021-06-07 19:13:47
Элдин окатын ашыра жеп алган го. Качан бул соттор карапайым элдин жайына коюушат? Жээ эмне жошоо ушул соттордуку боло береби?
+5
Kuban-1207
2021-06-08 13:07:01
Соттор аябай байышат копконунон эмне кылаарын билбей калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан