
Дайынсыз болуп изделип жаткан 11 жаштагы Айтурган Садыкова аман-эсен табылды. Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал бүгүн, 8-июнда Батыш автобекети аймагынан табылды.
Учурда кыз ата-энеси менен, аларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Айтурган Садыкова 6-июнь күнү такси менен Кочкордон Бишкекке келген. Ал ошондон бери дайынсыз болуп изделип жаткан.