Парламенттин Аппарат жетекчисинин орун басары: “3 жылда Жогорку Кеңеште 40 депутаттык комиссия түзүлүп иштеди”

Парламентте 3 жыл ичинде ар кандай олуттуу маселелер боюнча 40 депутаттык комиссия түзүлүп, анын 34ү өз ишин аягына чыгарды. Муну бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.Анын айтымында, 6 комиссия учурда ишин улантууда. “Биз белгилеп кеткен комиссиялардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар айрым талап кылынган учурларда Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, көзөмөлдөн алынса, көпчүлүгү комитеттин жыйындарынын деңгээлинде көзөмөлдөн алынды”,- дейт Касмамбетов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан