Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ага ылайык:
Бишкек шаары - 3;
Чүй облусу – 1;
Ош шаары – 6;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 2;
Талас облусу – 1.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, соңку суткада стационардан 3, үй карантининен 4 дарыгер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 857 кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 4 миң 669у сакайды.