Бүгүн, 30-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 81 миллион 960 миң 614 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 46 миллион 295 миң 949 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 789 миң 7 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 19 миллион 548 миң 706 болду. 338 миң 544 адам каза болсо, 11 миллион 844 миң 472 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 224 миң 303 адамдан аныкталды. 148 миң 153 адам каза болсо, 9 миллион 807 миң 569 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.