Бүгүн, 12-июнга карата өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус илдетинен 1 миң 949 бейтап дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
* 19 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 1255 бейтап - орто оордукта;
* 585 бейтап - оор абалда;
* 90 бейтап - өтө оор абалда.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 109 миң 812 адам коронавирус инфекциясынан жабыркаса, анын 102 миң 314ү айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 881 бейтап көз жумду.