Коронавирустун индиялык түрүнөн каза болгон Улуу Британиянын жарандарынын үчтөн бири буга чейин эмдөөдөн өтүшкөн. Бул тууралуу Англиянын Саламаттыкты сактоо агенттигинин изилдөөсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, индиялык штаммга чалдыккандан кийин каза болгон 42 адамдын ичинен 12си толугу менен эмдөөдөн өткөн. Бирок министрликтин эпидемиологу Меган Колл эмделген бейтаптардын өлүмүнүн так себебин табуу керектигин баса белгилеген.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, май айынын башынан бери индиялык штаммды жуктуруп алуу учурлары кескин көбөйгөн. Анын үстүнө акыркы бир аптада эле беш миңден ашык учур катталган.