Коронавирус илдети дагы 7 жарандын өмүрүн алды. Эң улуусу 76, эң кичүүсү 27 жашта болгон

Бүгүн, 30-июнда өлкөдө коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен жетөө кайтыш болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтты.

1. Республикалык клиникалык ооруканадан – 2 (55 жаштагы жана 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы жана 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Өлкө боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 57ни түздү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Juni1
2020-06-30 10:24:24
Аябай конулум ооруду акыркы абалга, мамлекет алдын албай жатат атайылап. Ааламда баа жеткис ыйык жан кыйылып жатат ушул оорунун айынан. Коронавирустун алдын албай кобойуп жатканынын себеби да элге тушунуктуу эле. Коронвирустан ооругандар олгондор коп болуп кетсе, дуйнолук банктан акча алып гос.бюджетти толуктайбыз деген максатта алдын алуу иштери атайын уюштурулбай жатат. Башында биздин айылда бир кишиден чыкты эле айылдын бардык тешигин жаап элди уйдон чыгарбай койду эле, азыр наоборот
+4
mateus
2020-06-30 13:23:51
Juni1, Биздин элге эчтеме жакпайт ушинтип, карантин киргизсе да бийлик жаман, карантинди токтотсо да бийлик жаман.
+7
bema_bema
2020-06-30 18:29:07
mateus,Туура эле жакшы аракет болгон учурда кокуй жок эле ооруну бар деп акча алып атат деди эле ,мынтип жап жаш милицияда иштеген балдардын омуру кыйылып атат.Не деген элбиз чыдамы жок,Россиядан жоо жаландап жетип алышып эми кыргызстанда иш жок эптеп Россияга кетиргиле деп отурушат.
0
Juni1
2020-06-30 10:27:22
Айланып келип мамлекеттин алсыздыгына келип такалып жатат, эртенки кундо бизге жетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Баары кочодо тиричилик менен алек болуп жатпайбызбы
-1
bond02
2020-06-30 10:37:21
Президент жана бийликтегилер оздору билип эч маселе чече алышпайт и позициясы жок алардын, элден коркуп элдин конулун карап отурушат, карантин киргизсек элдер бизди кууп жиберишет деп.
+1
madina.87
2020-06-30 11:17:29
Бул тизмеде кечээки 36 жаштагы милиция кызматкери жокко?
Аны да ушул вирустан көз жумду дешпеди беле?
Кечээки тизмеде да жок болчу.
+4
kechirmeni
2020-06-30 11:55:26
madina.87, кыскасы бул тизме самый минимальный. Бул тизмени 10 -20га кобойтуш керек дейт бир врач. ошондо более реальный болот дейт
+3
aza84
2020-06-30 11:24:53
Соке кетиш керек конкретно планы жок...
-4
aika17
2020-06-30 12:10:04
aza84,сенде кандай план бар?Президент болоюн дейсиңби
+5
kechirmeni
2020-06-30 11:27:29
Урматтуу суперчилер, "Энекебай, оо ыйыгым ыйыгым" деген ырдын обонун жазган Кубаныч Осмонов деген обончу да жакында отуп кетиптир деп уктум.Ошону эч жерден таппадым, тактап билип бересиздерби, рахмат
+1
taalay25
2020-06-30 11:33:26
kechirmeni,ооба Кубаныч Эргешович отуп кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан