"Кыргызстандын түштүгүндөгү диний агымдардын мүчөлөрү балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартып жатышат. Мындай агымдар Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында көп. Ата-энелер диний ишеним менен түшүнүктөрдөн улам балдарын эмдетүүгө жолотушпайт",- деп билдирди Республикалык иммундук-профилактикалык борбордун директору Жолдош Калилов эмдетүү маселелери боюнча өткөрүлгөн семинарда.
Калилов ошондой эле эмдетпей коюу өлкөнүн түштүгүндө 2011-жылы кызамык оорусунун жайылышына себепкер болуп, 222 бала ооруп, анан массалык эмдөө жүргүзүлүп, абал колго алынганын кошумчалайт. 2012-жылы кызамык менен ооругандар катталган эмес.