Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 13 жашар бала аман-эсен табылды

Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов аттуу бала 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатканы маалым болгон. Ал аман-эсен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 18-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Жоробек Акимжанов 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасындагы үйүнөн Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнө барып, ал жактан шаардык базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-06-18 11:11:25
Живпром?
0
Asmat84
2021-06-19 22:42:48
Belek1710, каракулжа районунун карагуз айыл өкмөтү жакта да живпром деген айыл бар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан