Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов аттуу бала дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасындагы үйүнөн Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнө барып, ал жактан шаардык базарга кеткен бойдон кайра үйүнө барган эмес.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, чачы кыска кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Милиция сүрөттөгү баланын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу аны табууга коомчулуктан жардам сурайт: (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70.