29-октябрдан 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилиги астында Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун 2013-жылга карата даярдык планына ылайык, командалык-штабдык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Машыгуу "Жер титирөө коркунучу убагында Баткен облусунун жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракети" деген темада өткөрүлөт. Эки этаптан турган машыгуунун максаты Баткен облусунун тынчтык убагындагы жарандык коргоо планынын аныктыгын жана Баткен облусунун жарандык коргонуу кызматтарынын башкаруу органдарына баш ийген күчтөрдүн жана каражаттардын жер титирөө болгондогу кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруудагы, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоодогу тиешелүү маселелеринин уюштурулушун текшерүү болуп эсептелет.
Машыгууга жеринде Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетекчилик кылат. Жетекчилик курамынын штабын КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жетектейт.
Машыгууда облустагы жарандык коргонуунун абалы текшерилип, аймактык жана тармактык машыгууга тартылуучу бардык звенолордун өзгөчө кырдаалдардан туруктуулугу изилденет.