Бүгүн, 25-октябрда Ош шаардык мэриясы октябрь айынын акыркы жекшембиси транспорт кызматкерлери күнүнө карата шаардагы маршруттук каттамдын айдоочулары үчүн майрамдык салтанат уюштурду. Салтанаттын жүрүшүндө көп жылдан бери айдоочу болуп эмгектенген айдоочуларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары айдоочулардын кесиптик майрамына карата “Мыкты айдоочу”, “Мыкты маршрут" наамдарынын ээлери 29-октябрда шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери тарабынан аныкталат.