Буга чейин Чүйдүн Сокулук районунда сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген күмөн менен 57 жаштагы киши изделип жатканы кабарланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, анын жансыз денеси суудан табылды.

20-июнь күнү Сокулук айылындагы Белинский көчөсүндө көлмөнүн жанында эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп, чөгүп кетиши мүмкүн деген күмөн менен "102" кызматынан маалымат келип түшкөн.
Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чаралары улантылып маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.