Орусиялык өндүрүштөгү Спутник V вакцинасы коронавирустан жарым жыл коргой алат. Бул тууралуу Орусиянын Гамалеи улуттук изилдөө жана эпидемиология, микробиология борборунун жетекчиси билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда борбордун жетекчиси вакцина тууралуу жетишээрлик деңгээлде маалымат бар деп билдирген.
“Биздеги маалыматтарга ылайык, эмдөө алгандан кийин иммунитет 6 ай сакталат. Иммунитетти сактап калуу үчүн белгилүү эпидемиологиялык кырдаалга жараша кайрадан вакцина алса жакшы болот. Азыр ушул туурасында сунуштар даярдалууда", - деген ал.
Спутник V вакцинасы Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын август айында COVID-19га каршы биринчи вакцина катары катталган.