"Туристтер кайтууда". Орусиядан Түркияга аба каттамдар жанданды

Буга чейин, 12-апрелде Орусия COVID-19дун жайылышына байланыштуу Түркияга туруктуу жана чартердик учууларды убактылуу токтоткон. Эки айлык тыныгуудан кийин каттамдар 21-июнда жанданды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Ага ылайык, 22-июнда эртең менен Москвадан Анталияга алгачкы туристтер учуп келди. Бир күндө 44 учак Жер Ортолук Деңизинин боюндагы бул курортко 12 миң жүргүнчүнү ташып келери пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Орусиянын борбор шаарында жана бир нече региондорунда айрым тармактарда иштегендерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү киргизилди. Ал эми чектөөлөр 28-июнга чейин узартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-06-23 08:00:08
ана сага, бир кундо 44 учак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан