Дүйнө жүзүндөгү Android колдонуучулары смартфондордун иштебей жаткандыгына нааразы болушту

Дүйнө жүзү боюнча Android смартфонунун ишинде мүчүлүштүктөр болуп, колдонуучулары кыйынчылыктарга дуушар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Орусия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Испания, Италия жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары көйгөйлөр жөнүндө айтып нааразы болушкан. Смартфондордо "Google колдонмосунун иши үзгүлтүккө учурады" деген билдирүү тынымсыз пайда болуп, бул шайманды колдонууга мүмкүн болбой калган.

Көйгөйлөр Android иштөө тутумунун ажырагыс бөлүгү болгон Google кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы менен катар пайда болгон. Көптөгөн колдонуучулар өз аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготушуп, издөө кызматтарында көйгөйлөр жаралган.

Google азырынча көйгөйлөрдүн себеби боюнча комментарий бере элек. Ушул жазда Android смартфондорунун ээлери буга чейин дагы ушундай көйгөйгө туш болушкан. Аны бир нече сааттын ичинде оңдоого жетишишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apyn8793
2021-06-23 10:57:02
Катып кала берет. Мен телефонумду куноолоп журсом корсо Андроид менен Гугл куноолу турбайбы.
+4
Shabi
2021-06-23 11:01:51
Кече куну эртен менен дагы, ошибка Google деп экрандын бетине чыгып калды го,уй булооло бизден 3телефондо ошондой болуп калды.Бирок Карындашым чукулап жатып жоготкон.корсо общий ошондой болгон го.
+3
Kudi
2021-06-23 13:44:08
Менинда телефонум кээде интернет иштебей атат телефон эскиргенго деп аткам
0
Damko
2021-06-23 14:53:06
Аа эми тушунуктуу, жок жерден ашыкча чыгым кылайын деген турбаймынбы жаны телефон алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан