Башкы прокурор Аида Салянова "Кумтөр" алтын кени менен таанышты
Башкы прокурор Аида Салянова, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев бүгүн, 25-октябрда "Кумтөр" алтын кенинде болуп, ишкананын иштөө процесси менен таанышты. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Алтын кендеги борбордук карьердин иштери, калдык сактоочу жайдын абалы, топурактан алтынды бөлүп алуу процесси жүргөн фабриканын иштөөсү менен таанышып чыгышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.