Кечээ, 24-октябрда Ош технологиялык университетинде Дипломатия кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул күнү мамлекеттик башкаруу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын жамаатынын демилгеси менен атайын майрамдык салтанат уюштурулду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Казакстан Республикасынын Оштогу консулдугунун өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты. Эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Ж.Кедейбаеванын айтуусунда, иш-чаранын максаты- кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө жана окуу жайдын тышкы байланышын чыңдоо.