Баткен: Тажик аскерлери өлкө аймагынан чыгарылды

Баткендин Лейлек районундагы "Катта-Туз" мунай скважинасынын аймагынан тажик аскерлери чыгарылды. Муну КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Учурда аймакта абал туруктуу. Тажик тарап тийиштүү келишимдин негизинде аймактан чек арачыларын алып чыгарып кеткени айтылды. Учурда аймактагы мамлекеттик чек араны Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери кайтарып жатат.  

Айта кетсек, окуя боюнча бүгүн КРнын Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов менен 

Тажикстандын Чек ара аскерлиги башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шерали Мирзо менен телефондон сүйлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан