Америкалык атактуу ырчы Бритни Спирс АКШ сотун атасы Жеймс Спирстин ага карата камкордугун токтотууну суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы актриса Лос-Анжелес округунун Жогорку Сотунда видео байланыш аркылуу сүйлөгөн.
"Мен катуу жабыркадым. Мен бактылуу эмесмин. Уктай албай жатам”, - деп ырчы 13 жыл камкордук астында жашаганына комментарий берди.
Спирс сотто ал көптөгөн психиатриялык экспертизалардан өтүп, дарылануудан өткөнүн жана атасы аны өзүнүн көзөмөлү менен жабыркатканын айткан. Ырчынын айтымында, анын талаптарын аткаруудан баш тартканы үчүн атасы жазалачу. Ошондуктан ал өзүн “кулчулукка” кабылгандай сезген.
Спирс буга эч ким ишенбейт деп коркуп, ал жөнүндө ачык айткан эместигин тактап өткөн.
Ошондой эле өзүнүн көрсөтмөсүндө ырчы өзүнүн каалоолорун ишке ашыруунун мүмкүн эместигине нааразы болду, мисалы, жумуштан тыныгуу алуу, турмушка чыгуу же дагы бир жолу балалуу болуу, анткени бул чечимдер камкорчунун колунда.
Жеймс Спирс 13 жылдан бери кызынын жеке жашоосун, каржы жана карьерасын көзөмөлдөп келген. Ал анын камкорчусу болуп 2008-жылы нерв оорусу менен ооруканага түшкөндөн кийин дайындалган.
2020-жылы Лос-Анжелестин соту эки жолу - августта жана ноябрда - Бритни Спирстин атасын камкорчу ролунан ажыратуу талабын канааттандырган эмес. Бул чечимге нааразы болуп, ырчы атасы анын иштери менен алектенип турганда концерттик ишин улантуудан баш тарткан.