Украинанын Маданият министрлиги Филипп Киркоровду кара тизмеге киргизди

Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министрлиги орусиялык ырчы Филипп Киркоровду кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

"2021-жылы 11-июнда Маданият жана маалымат саясат министрлигине Украинанын Коопсуздук кызматынан Филипп Киркоровду улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген адамдардын тизмесине киргизүү жөнүндө кат келип түшкөн. Министрликтин тиешелүү буйругу менен Киркоров кара тизмеге киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыр Украинанын маданият министрлигинин кара тизмесинде 201 адам бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-06-24 13:05:54
Аа эми Киркоров Украинага барбай деле койот да.Концертти башка олколордо койсо да ашып ташып жетет
-1
Rifle_I
2021-06-24 13:44:20
Кыргызстанга келип эптеп фонограмма менен ырдап кеткен эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан