Кыргызстанда 204 автомектеп болсо, анын үчөөсү гана талаптарга толук жооп берет. Муну Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев 25-октябрда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, автомектептердин саны кыскарат.
"Айрым мындай мектептерде Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча окуу куралы гана бар болуп чыкты. Алар айдоочулук курсун окуп бүттү деген сертификат берүүдө. Жарандар ошол сертификат менен барып айдоочулук күбөлүк алышууда",- деди Исаев.