Ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'ни алдап кетишти деп айыпталууда. Бул тууралуу журналист жана жазуучу Пенни Жунорго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Жунордун ою боюнча, алдоо июнь айында төрөлгөн сассекс герцогу жана герцогинясынын кызына ысым тандап алуу менен байланыштуу. Жубайлар ханышадан баланын ысымы боюнча пикирин сурап, чындыгында аны эчак тандап коюшкан деп эсептейт журналист.
Жунор өзүнүн позициясын Елизавета II чалган күнү, 31-майда сатып алынган lilibetdiana.com доменинен тышкары, ушундай эле дарек - lilidiana.com катталгандыгы менен далилдейт.
Ханзаада Гарри менен Меган кызы төрөлгөнгө чейин кара ниет адамдардын кызынын атын колдонуп, акча жасоо аракетинен алыс болуш үчүн кызынын аты жазылган интернет даректерди сатып алышкандыгын билдиришкен. Ошол эле учурда Жунор түгөйлөр кызынын аты-жөнү тууралуу ханышага каршы чыгышкан деп толук ишенет.