Дүйнөнүн эң бактылуу адамдары жашаган Финляндия өтө көп сандагы жумушчуларга муктаж экени айтылды

Калкынын картайып бараткандыгына байланыштуу дүйнөнүн эң бактылуу адамдары жашайт деп эсептелген Финляндияда жумушчуларга болгон муктаждык абдан жогорулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн расмий адамдары Финляндияда жумушчу күчкө болгон муктаждык жогорулаганын билдирген. Хельсинки администрациясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине, металл иштетүүчүлөргө, деңиз адистерине муктаждык жогорку деңгээлде.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Финляндия калкы картайып бараткан Япониядан кийинки экинчи өлкө. 2030-жылга чейин Финляндияда улгайган адамдардын саны 39,2 пайыздан 47,5 пайызга чейин өсөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Neizvestno777
2021-06-24 21:47:57
Эмне уже 2030 жыл келип калдыбы
-1
Aiymkan89
2021-06-24 22:37:57
Neizvestno777,2030чу жылга чейин деп турат. 2030чу жыл дей элек
+2
ainura220888
2021-06-24 22:36:51
Кеттик Финляндияга:)))
+11
Eden-Hazard
2021-06-24 23:33:57
Биз окууну бутсок Финляндияга кетет экенбиз да
-1
Nurila02
2021-06-25 00:03:08
Финляндияга барып жашасам окшойт бактылуу болуп, эң бактылуу адамдардын катарын толуктап
+2
CAPATAH
2021-06-26 00:07:41
Nurila02,бул мусулмандардын эмес,каапырлардын олчому.
0
rususu
2021-06-25 07:00:45
Кайран гана финляндия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан