Өзбекстан Ооганстанга катуу эскертүү берди

Коңшу Өзбекстан Ооганстанга чек ара келишимдерин бузгандыгы үчүн катуу эскертүү берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, 23-июнда салгылашуулардан кийин 53 ооган чек ара аскерлери жана жергиликтүү куралчан адамдар Шорттеп районунан Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкен. Андан кийин алар өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, мекенине кайтарылган.

"Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттеринин бардыгы катуу каралат жана мамлекеттик чек араны бузгандарга карата эң катаал чаралар көрүлөт", - деп айтылат Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
suban78
2021-06-25 00:08:13
Ээ Кудай сактасын. Тынччылык эле болсун, Талибдер чек арадан отушпогон бирок мурун деле, кучтонуп, Афганистандын дээроик 90 пайызын ээлеп турганда деле.
+2
Asmat84
2021-06-25 00:21:18
Элдин аталары кыйын. Көрдүңөрбү каттуу эскертүү бергенин
+19
Dembele84
2021-06-25 08:07:59
Чек ара тартибин бузгандарга ушундай эскертуу берип кийинкисинде атып или камап салыш керек мамлекет деген!А биздикилерге окшоп уйуно кирип орттоп,олтуруп кетсе да былтыйып коркуп отурбай!
+8
Gulina90
2021-06-25 09:44:43
Духу бар да элин жерин коргоп атат,биздикилерге окшоп элин кырдырбай
+3
Jaraisyn
2021-06-25 22:19:26
Gulina90, эгер биздин өлкө да өзбекистандай бакубат, аскердик жактан кубаттуу болгондо, тажиктерди басып кирмек турсун, өз өлкөлөрүндө эле кыймылдатпай тынчытмак. Көрпөңө карап аяк узат дейт. Алына жараша иш кылган деле жакшы. Ошондо команда болуп кеткенде азыр да согуш уланып жаткан болчу. Мындан да көп жоготуулар болмок. Сабырыңар суз болбой ой жүгүртсөңөр. Отурасыңар өлкөнүн кайсы аймагындасыңар билбейм, а биз эс тарткандан тажик, өзбек менен жаңжалда жашап келебиз
-1
Nursul
2021-06-25 12:00:47
Элдер катуу эскертүү берет экен биздикилер нота жибердик деп отура беришет.
+3
Rifle_I
2021-06-25 13:33:28
Садыр Жапаров тажиктерге барбаш керек. Азыр аларда форс мажор абал болуп жатат. Ушундай учурда пайдаланып чек араны чечиш керек. Тажиктер титиреп турушат азыр. Бапеш деп ичинен шыбырап.
-1
Rifle_I
2021-06-25 13:34:49
Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Орто Азияда күчтүү. Афганистандын куралдуу күчтөрү атайын өткөн эмес, айласыздан качып өтүштү. Ал байкуштарды кайра коркутпай тамагын берип акырын эскертип койсо болмок. Алсызга күчүн көрсөтүп үстөмдүк кылбай.
+2
XATSAN125
2021-06-27 10:54:03
Бир тууганыңар беле тажиктер авгандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан