Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Тажикстандын чек арачылары барымтага алды деген кыргыз айдоочусунун маселеси элчиликтин көзөмөлүндө"

Тажикстандын чек арачылары тарабынан унаасы менен кошо барымтага алынды деген Кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинин тыкыр көзөмөлүндө.

Мекеменин маалыматына ылайык, 23-июнда элчиликке В.Ш., М.А. жана Д.Б. аттуу Кыргыз жарандарынан билдирүү түшкөн. Анда Тажикстандын көзөмөл-өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаалары менен өтүү маселесин чечүүгө жардам берүү маселеси айтылган.

"23-24-июнь күндөрү элчилик тажик тарап менен кыргыз айдоочуларынын Тажикстандан чыгып кетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.

Элчиликтин маалыматына караганда, Тажикстандын Фотехабад көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз өлкөсүнүн 10го жакын жүк ташуучулары, анын ичинде жогоруда аталган жарандар турат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-5
2021-06-25 09:23:41
Элчиден өзүнү барымтага алсада үн чыкпайт. Ал чалдан толк жок
+4
Ali-5
2021-06-25 09:24:52
Баткендиктерди өлтүрүп, талап тоногондо бир ооз сүйлөгөн жок. Ал кишиде позициясы жок.
+5
akskg
2021-06-25 09:34:08
Башка мамлекеттин аймагына адашып же чек араны бузуп кирсен, аяп отурбай катуу талаптарды коюшат. А биздин мамлекетте киришсе, жогорудагыларыбыз ото эле гумандуу жана айкол болуп кетишет...
+3
bond0202
2021-06-25 16:01:29
Ошондо чек ара ачык эле каалагандай товар ташып кирип жатышыптыр да.чек араны жаптык деп мактанышты элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан