Инстаграм социалдык тармагынын айрым колдонуучулары тиркемеге компьютерден сүрөт же видео жарыялай алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы функция айрым колдонуучулар үчүн тесттик режимде пайда болгону белгиленди. Ошентип компьютерден сүрөт же видео жүктөө үчүн оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан "+" белгисин басуу керек. Андан кийин колдонуучу сүрөттүн көлөмүн өзгөртө алат, ошондой эле керектүү чыпкаларды колдоно алат.
Бул функция мурда мобилдик тиркемелерде гана бар болчу.
Буга чейин Инстаграм жетекчилиги тиркемедеги посттордун астына "жакты" белгилерин жашырууга мүмкүнчүлүк берген функцияны массалык түрдө ишке киргизген.