Бишкекте УКМКнын кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыкты

Бишкекте УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин ортосунда уруш чыкты. Окуя бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Түштүк магистраль көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышына катышып кеткенден кийин болду. Жаракат алгандар болгон жок. Учурда эки тараптан 30-40тай кызматкер өз ара сүйлөшүү жүргүзүшүүдө. Уруш эмнеден келип чыкканы белгисиз. Окуя болгон учурда журналисттер автобустун ичинде болчу, коопсуздук кызматкерлери окуяны видеого жана фотоаппаратка тартууга жол беришкен жок. Автобусту да ал жерден алысыраак жакка айдап кетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан