Биз социалдык тармакта

Коронавирус менен күрөшүп жаткан министрдин бүгүнкү күнгө карата абалы

Коронавирус илдети менен жабыркап жаткан саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Министр үй шартындагы карантинге алынып, дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ошого карабастан министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана координаторлор менен республикадагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы боюнча онлайн жолугушууларды өткөрүүдө.
Ушул жылдын май айынан баштап өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштагандан бери министр аймактарга көп барып, жолугушууларды өткөрүп, саламаттыкты сактоо уюмдарынын даярдыгын текшерип, "кызыл зоналарга" барып, медицина кызматкерлери жана калк менен жолугушууларды өткөргөн", - дешти мекемеден.
Узап бара жаткан аптада министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, уу коргошун ичип жатканы маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JaneEr
2021-06-27 10:36:48
Вакцина алган элего?
+1
Nurtilek82
2021-06-27 10:53:19
JaneEr,ошого тан калып жатам
+2
Alixan-Nookat.2015
2021-06-27 11:35:36
Nurtilek82,Вакцина оорудан сактабайт экен, ооруп калсаң жеңил өтөт дейт.
+1
jalgyzymsyn
2021-06-27 13:59:19
Ал ооруса кабар аласыңар, карапайым ооруса карап да койбойсуңар. Неге?
+1
Asmat84
2021-06-27 14:42:28
Бул киши уу коргошун деле ичип атты эле вакцина деле алды эле жакшы болуп кетсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан