Индияда жарганаттан дагы бир коркунучтуу делген вирус табылды

Индиянын батышындагы Пуне шаарындагы Улуттук вирусология институтунун окумуштуулары Махараштра штатындагы жарганаттардан өлүмгө алып келген Nipah вирусун аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окумуштуулардын айтымында, аталган вирус адатта жарганаттардан жана чычкандардан табылат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул вирусту дүйнөдөгү эң коркунучтуу оорулардын бири деп атаган. Бул вируска учурда кандайдыр бир дары же вакцина жок. Өлүмдүн көрсөткүчү 65 пайыздан 100 пайызга чейин.

Эгерде бул вирус менен ооруган жаныбардын шилекейи тийген өсүмдүктү адам жесе, вирус адамга жугат.

Февраль айында окумуштуулар Nipah вирусун өлүмгө алып келүүчү жаңы пандемия болушу мүмкүн экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
patriot.kg94
2021-06-28 09:36:46
Индия зб кылдынарго ар нерсе чыгара берип
+3
ali88
2021-06-28 21:12:33
patriot.kg94,кытайлар дагы
0
Zhanara82
2021-06-28 09:57:04
Тажатышты
+3
Asmat84
2021-06-28 11:43:52
Себеби индустар жеткен жапайы балит калк болушат ошондуктан ар кандай оору сыркоолор ушул Индиядан чыгат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан