Бишкекте жаңы көпүрөнүн ачылышына катышкан президент Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" боюнча пикирин айтты. "Кумтөр" боюнча жарандар митингге чыгып жатышат. Атамбаев "Центерранын" адвокаты эмес. Билип койгула, "Кумтөрдөгү" үлүш 67 пайыздан 17 пайызга түшүп, буга баары макул деп добуш бергенде Атамбаев бул маселени көтөрүп чыккан. Азыркы баатырлар ал учурда унчукпай отурушкан. "Кумтөр" токтобой иштеши керек",- деди президент.
Президент "Кумтөрдөгү" үлүштү 67 пайыз эмес, 100 пайыз кылса да колдой турганын, бирок анын кесепетин ойлонуш керектигин кошумчалады. "Центерра" башка акционерлер бар экенин жана үлүшүбүздү 50 пайыздан ашыра албай турганын айтып жатат. Азыр укук президентте эмес, парламентте, реалдуу чечимди парламент кабыл алышы керек",- дейт өлкө жетекчиси.