Сауд Арабиянын ханзаадасы өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын жээни, ханзаада Фахд бин Турки бин-Абд Аль-Азиз өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, аскер соту Йемендеги Сауд Арабия күчтөрүнүн мурдагы командири Фахдды чыккынчылыкка күнөөлүү деп тапкан. Бийлик ага өкмөткө каршы төңкөрүштү уюштурууга катышкан деген айып таккан.

Эксперттер Сауд Арабиясынын ханзаадасынын камалышына Мухаммед бен Салмандын тиешеси бар деп белгилешет. Мындай жол менен ал камакка алынган адамдын үй-бүлөсүн мамлекеттик казынаны толтурууга милдеттендирет.

Фахд 2020-жылы сентябрь айында уулу менен кошо камакка алынган.

Бул Сауд падышасынын үй-бүлөсүнө байланыштуу биринчи чуулгандуу окуя эмес. Мураскер ханзаада Мухаммед 2017-жылы кырсыкка учурап, каза болгон ханзаада Мансур бин Мукриндин өлүмүнө дагы тиешеси бар деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nukura_jigit
2021-06-29 11:54:13
Самиранын макалаларын издеп окуп калдык ко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан