Ооган аскерлери катуу эскертүү берилгенине карабастан, кайрадан Өзбекстанга өтүп кетти

Ооган армиясы "Талибан" кыймылы менен болгон салгылашуудан кийин кайрадан Өзбекстандын чек ара аймагына өтүп кетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин пресс-катчысы Шерзод Асадовго таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Сиздер билесиздер, 23-июнда биринчи жолу Ооганстандын 53 жараны жана аскер кызматкерлери чек араны бузуп, Өзбекстанга кирүүгө аракет кылышкан. Андан кийин ушул күнгө чейин дагы бир нече мындай иш-аракеттер жасалган. Акыркысы ишемби күнү болду", - деген Асадов.

Анын айтымында, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылган адамдардын бардыгы Ооганстанга кайтарылган.

Ал эми Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 27-июнда чек араны 44 ооган аскери жана жарандар бузуп киргенин жарыялаган.

24-июнда Өзбекстандын аймагына ооган аскерлери куралчан өтүп кеткенден кийин Өзбекстан Ооганстанга катуу эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан