Москвада катуу жамгырдан дарактар кулап, 50дөй унааны басып калды

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Москва шаарында 170, Москванын чет жакасындагы аймактарда 108 дарак кулады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Москванын чет жакасындагы аймактарда 65 унааны, Москва шаарында 45 унааны дарак басып калган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыкка чейин, аймакта күн күркүрөп, секундасына 22 метрге чейин катуу шамал болушу жөнүндө эскертүү берген.

Катуу жааган жамгырдан улам метронун бир нече станциясын жарым-жартылай суу каптап, коомдук транспорттун ишине тоскоол болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан