Учактагы тамактан баш тартпаңыз. Ал стрессти төмөндөтөт. Бирок даам сезбегенге даяр болуңуз. Учакта тамактануу жөнүндө кызыктуу фактылар жана bookit.kg'ден айрым пайдалуу кеңештер:
1-факты
Экипаж үчүн жүргүнчүлөргө тамак берүү маанилүү. Акылдуу стюардессалар биздин бир гана нерсени жасай аларыбызды билишет: же тамак ичебиз, же тынчсызданабыз. Ошондуктан жок дегенде бир стакан суу ичүүнү сунушташат. Бирок этият болуңуз: стресстик шартта биз адаттагыдан көп тамак жей алабыз. Сиз бир эле учурда ашыкча салмак кошпойсуз, бирок үзгүлтүксүз учууларда сиз белиңизге кошулган сантиметрлерди сезесиз. Баарын жегенге аракет кылбаңыз. Көпчүлүк адамдар билеттин баасын актап алуу максатында муну билбей жасашат. Бирок кабыл алынган пайда ашказандагы оорчулукка арзыйбы?
Ар дайым бир аз ачка болууну сунуштайбыз. Кантсе да организм ашказан толгонун дароо түшүнө бербейт. Ал эми 12 чакырымдан ашык бийиктиктеги тамак сиңирүү көйгөйлөрү - шектүү ырахат. Ашказан, ичеги-карын көйгөйлөрү адамда жок болсо дагы, кан басымдын төмөндөшүнөн же жогорулашынан улам алар пайда болушу мүмкүн.
Ошондой эле бейтааныш ингредиенттерден жана аллергияга алып келүүчү тамактардан баш тартууну сунуштайбыз. Мисалы, жер жаңгак күчтүү аллерген, ал тургай бир аз өлчөмдө абада катуу реакция болушу мүмкүн.
Эскертүү: Учак кызматкерлери эч качан өтө жыттанган тамак алып келишпейт. Бул кээ бир жүргүнчүлөрдүн кыжырдануусуна же жүрөк айлануусуна алып келиши мүмкүн. Андыктан учаарда сарымсак кошулган тооктун канаттарын албоого, кабинага шаурма алып келбөөгө, учуу учурунда жаңы пияздан баш тартууга, ал тургай, Ош-Москва каттамында атактуу тандыр самсаларды албоого аракет кылыңыз.
2-факты
Учактын эң кир жерлеринин бири - бул бүктөлмө стол. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, анын үстүндө даараткананы жууган баскычка караганда да бактерия көп. Эң негизгиси, тазалоочулар бардык столдорду туура аарчып үлгүрбөйт. Столго түшкөн эч нерсени жебөөнү сунуштайбыз.
Кызыктуу: Бир авиакомпания биринчи класстагы жүргүнчүлөр үчүн салаттардан 1 зайтунду алып салса, жылына 40 000 доллар үнөмдөөгө болот экендигин эсептеген.
3-факты
Учактагы тамак үйдөгү тамактай даамдуу эмес. Бийиктикте апаңыздын сүйүктүү борщу даамсыз болот. Мунун себеби кургак аба, төмөн басым жана учактын салонундагы ызы-чуунун деңгээли жогорулаганда. Бийиктикте адам таттуу жана туздуу даамды 30%га аз сезет. Учуу учурунда помидор ширеси жерде жүргөнгө караганда даамдуу сезилет. Ошондуктан аны көп учурда бортто сунушташат. Япондор менен кытайлар муну "умами" менен байланыштуу деп эсептешет.
Умами - бул "бешинчи даам" деп түшүнсөк болот. Бул сөздүн түзмө-түз котормосу - "даамдуу даам". Умами тизмеде туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдардан кийин турат. Ал глютамин кислотасына бай тамактарда бар: соя соусу, эт шорполорунун негизиндеги соустар, шпинат жана помидор. Бийик тоолуу шарттарда дагы, аны сезүү өзгөрбөйт.
Кызыктуу: Абада тамактанууну уюштурган компаниялар жылына 18 миллиард доллардан кем эмес акча табышат. Бул абдан кирешелүү бизнес болуп эсептелет.
4-факты
Бишкек-Москва каттамын тандап алган көпчүлүк жүргүнчүлөр менюга маани берет. Ал учууга 6-12 ай калганда атайын авиакомпаниянын кызматкерлери тарабынан бекитилет жана иштелип чыгат. Алар чыгымдарды ушундайча оптималдаштырат.
Мисалы, адистер эт бөлүктөрүнүн идеалдуу салмагын эсептешет. Бул жүргүнчү толуп кетип же ашыкча чыгымдар болбошу үчүн кылынат.
Стейктин салмагын бир гана унцияга кыскартып, бир ири компания 250 миң доллар үнөмдөгөн.
Ресторандын ашпозчулары менюну иштеп чыгууга катышат. Ал эми тамактарды тандап жатканда - психологдор. Акыркылардын изилдөөсү боюнча, бизнес класстын жүргүнчүлөрүнө фарфордон жасалган идишке классикалык темир кашык, бычак, вилка менен тамакты берсеңиз, анда анын даамы жакшы болот жана адам кийинки рейске ошол эле авиакомпанияны тандап алуу ыктымалдыгы жогору экендигин тастыктады.
Бирок учууда эң мыкты меню түзүү гана жетишсиз. Тамакты учуу учурунда берүүгө ылайыкташтырылышы керек. Бул эң оор тапшырмалардын бири, анткени учактар ашкана менен жабдылган эмес. Демек, учаар алдында бардыгы даярдалып, таңгакталышы керек.
Кызыктуу: Гордон Рамзи - авиакомпаниялардын башкы ашпозчуларынын бири, эч качан учакта тамак ичпейт. Рамзи өзүнүн тамак-ашы менен гана келет.
Сиз дагы ошондой кылсаңыз болот. Ал үчүн жер-жемиш, йогурт, сыр жана жаңгактар туура келет.
5-факты
Айрым авиакомпаниялар белгилүү сомельелерди бизнес-класста сунушталуучу шараптар тизмесин түзүүгө чакырышат. Бирок аба менюсунда суусундуктун бренди, кадыр-баркы эч кандай ролду ойнобойт. Башкы роль чоң бийиктиктердин өзгөчөлүктөрүнө берилген. Бортто негизинен жаш шараптарга уруксат берилген. Жерде алар сизге жөнөкөй сезилет, бирок 10 чакырымдан ашык бийиктикте алар жеңил жана жемиш даамы жакшы сезилет. Кургак шараптар абада жагымсыз даам калтырат.
Ысык суусундуктар - авиакомпаниялардын баш оорусу. Бийиктиктеги кайноо температурасы жерге караганда 10 градуска төмөн. Кайнатууга бир топ убакыт талап кылынат. Андай шартта чайдын даамы ачылбайт. Ошол себептен ири аба ташуучулары өзгөчө аралашма сортторго буйрутма беришет.
6-факты
Учкучтардын менюсу ар башка болот. Командирге жана экинчи учкучка эч качан бир эле тамак берилбейт. Кимдир-бирөө эт же тоок этин жесе, дагы бирөө балык жейт. Бул уулануудан сактануу үчүн жасалат. Учкучтар тамакты ар кайсы убакта жешет, көбүнчө штурвалда отуруп алып тамактанат.
7-факты
Учуу учурунда көп суу ичкенди унутпаңыз. Салондогу нымдуулуктун деңгээли жердегиге караганда бир нече эсе төмөн. Нымдуулукту сактоо үчүн көп суюктуктар талап кылынат.
Ошол эле учурда курамында кофеин жана спирт бар суусундуктардан баш тартуу керек: алар организмдин суусуздануусун күчөтөт жана шалдыратат.
Эскертүү: стюардессалар сунуш кылган суу чөйчөктөрү организмдин муктаждыктарын жабуу үчүн өтө эле кичинекей. Андыктан бир нече бөтөлкө сууну камдап алууну сунуштайбыз. Бирок жүктү текшергенден кийин гана сатып алса болот. "Манас" аэропортунда, башка аэропорттордогудай эле duty-free зонасы бар.
Пандемияга байланыштуу көптөгөн авиакомпаниялар бортто тамактануудан баш тартышкандыгын эске алуу керек. Авиабилеттерди сатып алууда, алыскы рейс күтүлсө, сизге тамак берилеби же жокпу деп сурап, жеңил тамак ичип алыңыз. Мисалы, Бишкек-Москва каттамы орто эсеп менен 4 сааттан бир аз ашыгыраак созулат, бирок учууну дагы күтүү убактысы бар, кечигүүлөр болушу мүмкүн. Мындай учурларда, өзүңүзгө термоско кофе же чай даярдап алууну сунуштайбыз. Бул күтүп отурганча суусундуктарга акча коротпой, үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул рейстерди которуп учуучуларга да тиешелүү. Эсиңизде болсун, аэропорттордогу тамак-аш шаардын кафелерде сунушталгандан кыйла кымбат.
Учууңуздан жана тамактанууңуздан ырахат алыңыз! Сиздин BOOKIT.KG - Кыргызстандагы эң арзан авиабилеттер.