Бишкектеги "Тез жардам" кызматына өткөн сутка ичинде 550 чакыруу түшүп, анын 425и аткарылган. Станциянын басма сөз кызматынын 28-октябрда берген маалыматына ылайык, кызматкерлер 125 адамга жеринде жардам көрсөтүшүп, 77син ооруканага жеткиришкен. Шаарда 2 жол кырсыгы катталып, алардан 3 адам жаракат алган. Белгисиз адамдар 5 адамды сабап кетишкен (жабыркагандардын экөөсү аял). Мындан сырткары кошунасы 60 жаштагы адамды сабап салган. Сутка ичинде 3 адамдын каза тапканы катталды.