Биз социалдык тармакта

"Сүрөтүн көрүп кабатыр". Жактоочу Орхан Инандынын жубайынын абалын айтты

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды анын азыркы абалына кабатыр болуп ден соолугу начарлаган. Бул тууралуу Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бүгүн эч кандай үн-сөзү жок митинг болбойт. Рейхан айым бүгүн эртең менен пландалгандай эле митингин улантмак. Тилекке каршы, ал табылды, бирок аны тапкан Кыргыз өлкөсү эмес.

Рейхан айымдын абалы начар. Анткени ал күйөөсүнүн бүгүнкү күндөгү сүрөтү менен бир ай мурунку абалынан чоң айырмачылыкты байкаган. Анын дайынсыз болгонуна бир ай гана өткөндүктөн кыйналганы көрүнүп турат. Ошол себептен Рейхан айым өзүн начар сезип бүгүн аянтка чыга алган жок.

Айрыкча, моралдык жактан ал биздин "авторитеттүү чиновниктерибиздин" сөздөрү кыйнап жаткандыр, анткени аны менен баары жайында деп, бир аз убакыттан кийин ал үйүнө кайтып келет, кээ бир окуяларга убакыт талап кылынат, ызы-чуу кылбай күтө туруңуз деп ишендиришкен.

Ал бул бийлик өкүлдөрүнө, окуучулардын ата-энелерине ишенген, анткени аларды мугалим катары жеке тааныган. Бирок бул акыркы күн эмес, алдыда дагы оор күндөр бар, ал жөн отургусу келбейт", - деп жазган Токтакунова.

Белгилей кетсек, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалып, Түркияга алып келингенин билдирген.

Буга чейин Инандынын жубайы Рейхан Ак-Үйдүн алдында "Орхан Инанды табылабы?" деген жазуусу бар плакат көтөрүп, үн-сөзү жок митингге жалгыз чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-07-06 10:38:05
Бир турк учун бут кыргыз туро которулду го а, бул жерде саясат роль ойнойт. Садыр аванарды Эрдоган сагынып чакырды дейсинерби.
+11
nurdan2018
2021-07-06 14:39:28
Кыргыз бийлиги позор эле болуп журо берет ошон учун бизди эч ким тоготпойт даже Тажикистан тоготпой койдуго башкаларды айтпай эле койойун
+5
KGZ-RUS
2021-07-06 21:06:22
Бакуш арыктап та кеткенго бир ай бойу эч нерсе бербегенго дейм
+3
gulya583
2021-07-07 02:12:29
Туугандар, бул жерде биз билбеген коп нерсе бардай. Феточу дешеби, Гюленчи дешеби. Иши кылса баш аламандыкта. Фетону террор деп Турция ачык жарыялаган. Бул дагы Фетонун адамы деп кармашты окшойт. Бир Кудай билет эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан