Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.

"Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны Түркияга алып келди. Орхан Инанды ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деген Эрдоган.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Federik
2021-07-06 02:25:21
Карангы калк экенбиз да ой жугуртсонор ,кыргыздын жардамысыз алып чыгып кете албайт.
+22
Asmat84
2021-07-06 03:40:10
Демек бул киши кармалып Турцияга кеткен болсо... Кантип кармалды? Кимдер аркылуу? Кантип чыгып кетти? Эмне биздин чек арачылар билбейт бекен самолёт менен кеттиби? же через Баткен кеттиби?
Эң кызыгы биздин президент Анкарага барганда сурабады беле ушул кишини. Эрдоган өзү Орхон ханды тааныбай турганын айтты эле го. Президент Элди сооротконбу МВД га тапшырма берип, ачыгын эле айтып койбойбу ушундай иштери бар экен кармап кетишти деп
+17
Dembele84
2021-07-06 05:51:57
Блиин кыргыз жаранын Кыргызстан ичинен эч кимге коргозбой башка мамлекеттин куч органдары алып чыгып кетип жатса,эмне деген олко болдук?Жапаровду же Эрдоган оозунду бас дегенби?Бир айдан бери дайынсыз болгон кишини таппай журсо,турктор ал бизде дегени эмнеси?Анда Жапаров калп эле билбеген киши болуп ушунча элди алдап журдубу?
+11
zamir_kgz
2021-07-06 06:46:55
Мына ушул себептен Кыргыз жарандыгын көрүнгөнгө бериш керек эмес! Жарандыкты бергенден кийин коргош керек! Же жарандыгын алып ташташ керек! Кыргыз репутациясына доо кетиришип жатат!
+17
Kona8631
2021-07-06 07:10:15
Бул бийлик таза эле шоу болуп жатат
+13
Keln
2021-07-06 07:18:26
Мамлекеттин кадыр баркы.Бирок бизге мамлекет да чындык да адилеттулук да керек эмес бир эле адам керек.
+6
Kombi
2021-07-06 09:00:46
Ясно эле болчу. Сенин душманын биронун уйундо жашап, эркин журсо кармап келип жок кыласында колунан келип турса.
КР билген. 1 ошону деп мамилесин бузгусу келбейт Туркия менен.
+3
senchi
2021-07-06 07:50:32
Күнөөсү болгон үчүн алып кетсе керек,болбосо эмне кереги бар күнөөсүз адамды урдап.
-9
Nursul
2021-07-06 09:26:46
Кыргызстандын жаранын уурдап кеткенге аларга ким уруксат бериптир, ким кандай жүргөнүнөн бери кийлигишет бекен алар. Өзүбүздүн жарандарды уурдатып атсак качан кайирден уурдап кеткенин билишпесе аябай эле уят нерсе. Өз жарандарын коргой албаган мамлекет биз эле болсок керек.
+7
zhykyo
2021-07-06 10:12:54
Озунун мамлекетине чыккынчылык кылып жургонду туура кылыптыр кармап кетип.Чыкынчыга орун жок Кыргызстандан
-3
Tursunbaev1978
2021-07-06 10:49:10
zhykyo,Туура,өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылган Америкос,бизге жакшылык кылабы,айыбы бар үчүн кармап кетти да,биздин чиновниктер өздөрү кармап берип кетирди,Орхан Инанды энеңердин эгизиби адвокат болуп жаткандар,неге биздин жарандыкты алды?же Турциянын жашоо шарты кыйынбы?айыбы бар үчүн биздин жарандыкты алган,мээңерди иштетип жазгыла комментти
-5
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-06 13:05:09
Tursunbaev1978,
Балким туурадыр. Бирок КР жараны КР мыйзамы боюнча күнөлүү болуп табылмайынча ал ак бойдон калмакчы. А чет өлкө уурдагандыгы бул УК КР #170, 172, 187 статьяларды бузуп жатпайбы! Бул деген биздин желекти тебелеп отконго барабар.
Бул учун Турциянын баардык посольтваларын жаап салыш керек! Мындай чыккынчы "тууганчиктин" кереги жок! Ошол обидно. Ким болсо да, ал КР жараны.
+3
Alia82
2021-07-06 10:34:10
Позор...башка соз жок
+2
mirkaa5182
2021-07-06 10:43:19
Бул жерде чоң саясат бар, не болсо да тынчылык болсунчу...
0
Ngazi
2021-07-06 11:08:18
Бөрү баласы ит болбойт деп айтылгандай О.Инанды саясий максаттары бар, АКШнын колдоосундагы диний уюмдун кызматкери, ал үчүн мамлекет деген түшүнүк жок. Жеке адам катары жакшы экендигине ишенем бирок ал биринчи кезекте диний уюмга берилген адам. Кыргызстандын билим системасынын тагдыры аны кызыктырбайт. Процесске алданбагыла, алар акыркы аялдамага жете элек. Эрдоган Түркия үчүн кандай артка тарткан фактор болсо, Фетхулах Гүлен да ошондой эле коркунуч.
0
Kg2020
2021-07-06 13:17:46
Математика физика химия уйронуу уйротуу качан терроризм болду эле..Гулендин артында Америка бар деп жалаа жаап жатышат..анда Америка университетин жабышсын,ал Американын окуу жайы..
+3
Mina24
2021-07-06 19:10:03
Туура эле атайын болгон бул иш эрдаган менен садыр доста эрдаган жардам берет
0
aliya-leyla
2021-07-06 22:38:46
бул качан эле белгилүү эле да, кетсе кете берсин бир түрккө жаман болдуңар го, ошол ал жакта кылмышкер болгону үчүн жарандык алып алган да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан