"Андан сырткары аталган кылмыш ишинин алкагында учурда Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдик жарандардын бардыгы министрлик тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип, аларга юридикалык баа берилет. Ошондой эле жалаң гана паспорт эмес, эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынып, алар мыйзамдуу алганбы же мыйзамсыз алганбы, аларга кимдер жардам бергендигин тактоо жана аныктоо иш-чаралары башталды", - дешти маалымат кызматынан.
Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун алган чет элдиктердин бардыгы Ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип, текшерүүгө алынат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.