
Акыйкатчы
Токон Мамытов Кыргыз жарандарынын Индиядан мекенине кайтып келүүсү боюнча министрлер кабинетине кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдирди.
Акыйкатчы министрлер кабинетине Дели-Ташкент каттамынын токтотулушунан улам Дели шаарынан үйүнө учуп кете албай калган 50гө жакын Кыргыз жаранын кайтарып алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ошондой эле Индиядан учуп келгенден кийин бардык жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылууну да суранган.
Буга чейин Индияга дарыланууга барган Кыргыз жарандары Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатышканын
билдирген. Анда өлкөгө кайта албай жаткан 50дөй адам бар экенин айтышкан. Буга Дели-Бишкек чартердик каттамдары токтоп калганы себеп болгон.