29-октябрь күнү SUPER.KG порталынын эки кызматкери УКМКга сурак берүүгө чакырылды. Бул аталган мекеме тарабынан порталда улуттар аралык кастык жаратуучу видео жүктөлгөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын сентябрь айында интернет талаасында өзбек тилинде сүйлөгөн жигиттер бир жигитти "кыргызмын деп айт" деп, анан каалаганча мазакташкан таризде видео жарыяланган. "Коомдук пикир жаратуучу видео экен" деген ойдо мындай видеону биздин кызматкер порталыбызга жүктөгөн. ИИМдин 10-башкармалыгынын өтүнүчү менен ал видеону порталдан алып салганбыз. ИИМ бул окуяга байланыштуу "улуттар аралык чагым жаратуучу видеону тараткан адам табылды, ал Super.kg порталынын кызматкери" деп ММКларга маалымат тараткан. 17-сентябрда 24.kg агенттиги жана башка маалымат булактары “Super.kg сайты улут аралык кастыкты козутуу боюнча шектелүүдө” деген аталышта маалымат жарыялашкан.SUPER.KG порталы окуя тууралуу өз билдирүүсүн берген (билдирүү бул жакта). Бул кырдаал медиа-эксперттердин тынчсыздануусун жараткан эле (медиа-эксперттердин пикири бул жакта).