Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын жергиликтүү жашоочулары УКМКнын 3 кызматкерин сабап салышты. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, окуя 28-октябрда болжол менен саат 16да болгон. Аталган комитеттин 3 кызматкери айылдан өтүп баратканда топтошкон саруулуктар токтоткон. Кер-мур айтышуудан кийин 3 кызматкерди токмоктоп салышкан да, аларды жибербей күч менен кармап турушкан. Жети-Өгүз районунун ИИБинин жетекчиси, анын орун басары жана райондун акими менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди бошотушкан.
Кызматкерлер токмок жегенине байланыштуу аларды облустук ооруканага жеткиришкен. Медициналык текшерүүлөрдөн кийин 2 кызматкерге амбулатордук дарылануу сунушталып, 3-кызматкерди башынан жаракат алганына байланыштуу ооруканада калтырышкан. Аталган факт боюнча райондун прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда оперативдүү издөө чаралары жүрүп жатат.