Өлкөгө COVAX программасынын алкагында 2 миллиондон ашык доза вакцина алып келинет

Өлкөгө COVAX программасынын алкагында 2 миллиондон ашык доза вакцина Швейцариядан август айларында келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди.

"Биз 2020-жылдын сентябрь айынан баштап COVAX программасына киргенбиз. Программанын алкагында өлкөнүн 20 пайыз элине акысыз вакцина берилмек. Анын саны 2 миллион 600 миң доза. Биздин кезек боюнча вакцинаны Индиядагы заводдон алмакпыз. Бирок Индияда өз элине жетпегендиктен, алар вакцинаны берүүдөн баш тарткан.

Андан кийин COVAX программасына кайра кайрылсак, Түштүк Кореядан аларыбызды билдиришти. Ал жакта AstraZeneca вакцинасын чыгарган завод жетишпей жатат. Эми биз вакцинаны Швейцариядан алабыз. Ал боюнча элчилик да, биз да иштеп жатабыз. Вакцина август айынын ортосунда келип калат деген үмүт бар", - деди министр.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-07-12 13:01:14
Вакцина такыр албагыла болбойт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан