Депутаттар өкмөт башчынын Жогорку Кеңешке келбей койгонун сынга алышууда

Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Эркин Алымбеков 29-октябрдагы парламенттик угууда өкмөт башчыны сынга алып, ишиндеги кемчиликтерин айтты. Айта кетсек, парламенттик угуу "Кыргызстандын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүүгө өтүү программасынын" долбоору боюнча өтүп жатат.  

Депутаттын айтымында, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке келип стратегиялык долбоорду тааныштырууга милдеттүү болчу. "Премьер-министр бул маселеден кандайдыр бир форумду жогору коюп, ага катышууда. Ал жоопкерчиликтен жана курч суроолорго жооп берүүдөн качып жатат. Ал өзү бул стратегияны колдойбу же жокпу? Бул дагы түшүнүксүз",- деди Алымбеков. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан