Баткенде дайынсыз болуп изделип жаткан бир туугандар табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө бүгүн, 14-июль күнү саат 12:00 чамасында өспүрүмдөр Баткен шаарында жүргөн жеринен табылган.
Териштирүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн ата-энеси миграцияда болгондуктан чоң энесинин карамагына өткөрүп берилген.
Буга чейин 15 жана 12 жаштагы бир туугандар дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.