Биз социалдык тармакта

Муфтий жана дин аалымдары коронавирус илдетине каршы вакцина алышты

Өлкөнүн муфтийи Замир Ракиев жана дин аалымдары коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июль күнү Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы кытайлык синофарм вакцинасын алган.
Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн.
Буга чейин Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ala.too.456
2021-07-15 15:07:50
Кайсы вакцинаны алышыптыр...
0
Айзада Кыдырмышева
2021-07-15 15:40:36
Ala.too.456, синофарм
0
Mastura90
2021-07-15 16:08:24
Биринчи Садыр Жапаров менен 120 депутат баары алсын анан башкалар коркпой эле алат эле
+2
tabyshmak
2021-07-16 11:04:09
Мен коммент калтырдым эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан