Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортунда унааны 15 мүнөткө акысыз токтотуунун жокко чыгарылышы: "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖАКка эскертүү берилди

"Манас" эл аралык аэропортунда унааны акысыз 15 мүнөткө токтотуунун жокко чыгарылышы боюнча "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖАКсына эскертүү берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Мамлекеттик агенттик бул маселени изилдөөнүн жүрүшүндө «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсынын пландаштырылган иш-аракетинде, рынокто үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери бар экендигин аныктады.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Мамлекеттик агенттик "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖАКка Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууларга алып келиши мүмкүн болгон аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берди", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин "Манас" аэропорту 20-июлдан тартып аэропорттун унаа токтотуучу жайында акысыз берилген 15 мүнөт жокко чыгарыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Бектурган
2021-07-15 20:39:39
Баары жок кымбаттап, айыл акылар көтөрүлбөй, эл кыйналып турганда буларда абалдан пайдалана калышканго. Ошондо кайрадан 15 мүнөткө төлөбөй турган болдукпу???...
+4
Asmat84
2021-07-15 22:03:10
Эмнеси болсо да жакшы болгон окшойт жокко чыгарган окшойт
ЖААК ЖУУК ЖИИК МАНАС КЖААКка эскертүү берди деди го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан